Салык кызматын өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди

29.12.2022, 13:54 Акчабар
Салык кызматын өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди

Мамлекеттик салык кызматын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы стратегияны иштеп чыгуу атаандаштык жана адилеттүү салык системасын түзүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана салыктарды чогултууну жакшыртуу, өлкөнү 2018-2040-жылдарда өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында салыктык башкаруунун ачыктыгын күчөтүү зарылдыгы менен шартталган.

Стратегия инструменттерди колдонуу менен стратегиялык пландаштыруу чөйрөсүндөгү алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыккан: SWOT-талдоо жана SMART принциптери. Жогорку IТ-технологияларды колдонуу Салык кызматын салыктарды эсепке алууда жана эсептөөдө салык төлөөчүнүн ак ниеттүүлүк принцибин колдонуучу кызматка айландырат.

Стратегияда бир катар натыйжаларга жетише турган 7 артыкчылыктуу багыт аныкталган:

  • Санариптештирүү: Маалыматтардын архитектурасын жана аналитиканы түзүү;
  • Кардарларга болгон багытты жогорулатуу;
  • Салыктык башкарууну модернизациялоо;
  • Салык сабаттуулугун жана калктын маданиятын жогорулатуу;
  • Ички жана тышкы органдар менен өз ара аракеттенүүнү түзүү;
  • Кадрдык дараметти өнүктүрүү;
  •  Салык кызматынын беделин колдоо жана өнүктүрүү.

Тэги: экономика налоговая новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу