Улуттук энергохолдинг Өзбекстандан электр энергиясын жеткирүүнүн аякташына байланыштуу Түркмөнстандан импорттолуучу электр энергиясынын көлөмү көбөйгөнүн билдирди.
2021-жылга пландалган Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын берүү аяктады. Учурда тараптар 2022-жылга пландаштырылган импорт аркылуу электр энергиясын берүүнү узартуу маселелерин карап жатышат.
Ошол эле учурда Казакстандан электр энергиясын импорттоо мурдагыдай эле уланып жатат.