«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү

20.12.2022, 15:17 Акчабар
«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү

Мамлекеттик салык кызматы бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушунун байге фондун көбөйттү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, азыр байге фондунда мурун жарыяланган 32 белектин ордуна 52 белек коюлду.

30-декабрда боло турган 3-утушта 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат. Баш байге – Бишкектен батир. Ошондой эле бир унаанын ордуна эки электромобиль ойнотулат.

"Бүгүнкү күндө лотереяга 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпы суммасы 18,3 млрд сомго 17,9 млн лотереялык ID-билеттерди топтошкон. Лотереянын катышуучусу болуу үчүн "Салык Чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектердин QR-кодун сканерлөө зарыл", - деп айтылат маалыматта.

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү утушу 2022-жылдын 30-декабрында КТРК, "Ала-Тоо 24" телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Тэги: новости Кыргызстана требуй чек лотерея ГНС КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу