Оштон Москвага үзгүлтүксүз каттамдар көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 10-февралында ата мекендик Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы Ош - Москва - Ош биринчи туруктуу рейсин аткарып, Оштон Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйттү.
Каттамдар Airbus A320 учагында жумасына бир жолу - жума күндөрү ишке ашырылат. Март айынан баштап Aero Nomad Airlines бул багыттагы каттамдарды жумасына үчкө чейин көбөйтүүнү пландоодо.