Оштон Новосибирскке авиакаттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар ата мекендик авиакомпания тарабынан жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарылат.
Белгилеп кетсек, аталган багыт боюнча буга чейин аптасына 8 рейс аткарылып келген.