Өзбекстан кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды мындан ары турукташтырууга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин башчысы Абдулазиз Камилов Сиань шаарында "Борбор Азия - Кытай" тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, бөлүнбөстүк жана коопсуздук Борбор Азиядагы аймактык туруктуулукту сактоонун негизги принциптери болуп саналат.
Өз кезегинде, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга өзбек тараптын көңүл бурганына ыраазычылык билдирди.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.