Өзбекстан менен Казакстан эң ири алтын сатып алуучулар болуп калды

07.06.2022, 10:41 Акчабар
Өзбекстан менен Казакстан эң ири алтын сатып алуучулар болуп калды

Өзбекстан апрель айында өзүнүн корун 8,7 тоннага толуктап, алтындын эң ири сатып алуучусу болду. Мындай маалыматтар Дүйнөлүк алтын кеңешинин сайтында жарыяланды.

Муну менен бирге апрель айында толукталган алтын кору боюнча Түркия 5,6 тонна менен экинчи, Казакстан 5,3 тонна менен үчүнчү орунда.

Ошол эле учурда Германия апрель айында (0,9 тонна), ошондой эле Мексика менен Чехияга 0,1 тоннадан алтын саткан. Башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч 0,1 тоннага да жетпейт.

Кошумчаласак, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстан бир гана өлкөгө – Түркияга алтын экспорттогон. Январдан мартка чейин 217 миң 400 долларга 0,023 тонна сатылган.

Тэги: золотые резервы страны ЦА экспорт золота

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу