Өзбекстан саламаттыкты сактоо министрлигине дээрлик 1.5 млрд $ бөлөт. 2019 - жылы көрсөткүч 22% жогорулаган. Бул тууралуу Өзбекстан республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, дары-дармек сатып алууга 156 млн $, медициналык тез жардам кызматынын жабдыктарына - 10.8 млн $ бөлүнөт. 2019-жылга салыштырмалуу дары-дармек препараттарына болгон чыгаша 36% жогорулаган.
2020 - жылы курулуш, капиталдык ремонт жана республикадагы медициналык мекемелерге 115.8 млн $ жакын каражат каралат. Өткөн жылы чыгаша 102 млн $ түзгөн.
ММК фондунун бюджети 2020-жылы 229.5 млн түзөөрү белгилүү болгон.