Өзбекстандын "Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы 17 учак сатууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президентинин 2021-жылдын 30-апрелиндеги жарлыгында айтылат.
Өзбекстан аба жолдору беш Боинг учагын, беш Ил-76 жана жети Ил 114-100 учагын сатууда.
Ошондой эле, 2021-жылдын аягына чейин авиакомпания төрт класстагы A320 учагын толугу менен кайра жабдууну жана Boeing-767 жүргүнчү ташуучу эки учагын жүк конфигурациясы менен учактарга айландырууну пландоодо.
Чечимде Ил-76 учагы 2022-жылдын 1-июлуна чейин сатылбаса, реестрден чыгарылып, жок кылынары айтылган.