Аймактарды аралап жүрө турган автобустардын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Автобустук каттамдар менен камтуу боюнча эң жакшы көрсөткүч Чүй облусунда – 98,7%, эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда – 69,4%.
Республиканын маршруттук түйүнү боюнча 2019-жылга карата 1007 автобустук маршрут бар, алардын ичинде:
- эл аралык – 23 маршрут;
- шаарлар аралык – 292 маршрут;
- шаар четиндеги – 410 маршрут;
- шаардык – 282 маршрут.
«Жол инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар Ирригациялык түйүндөрдү өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иштер уланууда», - деп жазылат маалыматта.