2019 - жылы Кыргызстанда 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган

11.02.2020, 14:35 Акчабар
2019 - жылы Кыргызстанда 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган

2019-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги 8 экспорттук контрактты ишке ашырып, алардын жалпы суммасы 24,1 млн дооларды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн,11-февралдагы маалымат жыйында аталган агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 7 өндүрүштүк долбоор ишке ашырылып, бөлүнгөн каражаттардын саны 63, 93 млн долларды түзгөн жана 987 жумушчу орун пайда болгон.

«Бүгүнкү күндө толугу менен ишке кирген жети долбоор бар, алардын ичине Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан биметалдык алюминийден жасалган радиаторлорду өндүрүүчү заводу бар, ага салынган инвестициялардын көлөмү 40 млн долларды түзөт, азыркы күндө анда 300 дөн ашуун жумуш орундары түзүлгөн. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда мындай жылытуучу радиаторлор өндүрүлгөн эмес. Өндүрүшкө керектеле турган чийки заттын баардыгы чет жактан келет, бирок эритүү, ширетүү жана куюу иштери Кыргызстандан жасалып, даяр болгон продукция кайра чет мамлекеттерге чыгарылат. Товардын 95 пайызы Өзбекстан, Казакстан, Орусияга экспорттолот, ал эми кошумча нарк толугу менен Кыргызстанга калат», - деди ал.

Ошондой эле ишке ашырылган долбоорлордун катарына кол каптарды чыгарган чакан завод кирет. Ага салынган жалпы инвестициянын көлөмү 2 млн долларды түзөт. Шумкарбек Адилбек уулунун белгилөөсүндө, аталган завод импорттун орун алмашуучу ишканасы болуп саналат, анткени эми ал кол каптардан сырткары текстилде керектелүүчү жиптер өндүрүлө баштайт.

 Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриялык логистикалык борбору тууралуу дагы айтылды.

«Агенттик аталган борбордун курулушу тууралуу жайдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген, ал эми 2019-жылдын декабрь айында премьер-минстр өзү капсула салуу аземин өткөргөн», - деп билдирди Шумкарбек Адилбек уулу. 

Андан тышкары агенттик «Кулброс» тигүүчү цехин ачууга көмөктөшкөн. «Кайынды кабель» ишканасынын базасындагы арматура жана башка темир продукциясын өндүргөн «Металл кен» ишканасына 50 млн доллар өлчөмүндөгү инвестиция салынган, ал эми өздөштүрүлгөн каражаттын суммасы 20 млн долларды түзгөн.

«Мындан тышкары агенттик «Novotel» мейманканасынын курулушуна көмөктөшүп келет. Азыркы учурда мейманкана толугу менен курулуп бүттү».  

Тэги: инвестпроекты 2019 год инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу