Премьер-министр: 2019-жылы республиканын ИДПсы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө

14.11.2019, 13:32 Акчабар
Премьер-министр: 2019-жылы республиканын ИДПсы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө

2019-жылы республиканын ИДПсы 2018-жылга салыштырмалуу туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы эгерде 2018-жылы өсүш 3,5%ды түзсө, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 6,1%ды түзүп, ЕАЭБдеги жакшы көрсөткүч болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспорт 1,3 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын деңгээлинен 11,7%га жогору. Импорт 7,3%га төмөндөдү. Өкмөт тарабынан ата мекендик экспорттук продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо, импорттун көлөмүн азайтуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул саясат мындан ары карай дагы улантылат.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнүн тышкы карызын өстүрбөө боюнча саясаты – коомчулукта чоң колдоо таап жатат. Бул багытта Өкмөттүн тышкы карыз боюнча ишин өзгөчө белгилеп кетким келет. Тышкы карызда 2018-жылдан баштап ИДПга карата тышкы карыздын алгачкы жолу туруктуу төмөндөө тенденциясы орун алды. Эгерде 2017-жылы ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018 – 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет. Ички резервдерди натыйжалуу пайдаланып, ашыкча чыгашаларды кыскартуу менен, тапкан каражаттар менен жашоого үйрөнүшүбүз керек деген Өкмөттүн позициясы туруктуу. Бул – бюджет тармагындагы негизги стратегия», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Тэги: Мухаммедкалый Абылгазиев ВВП импорт экспорт экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу