2019-жылы ААК «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» 11.4 млн $ ипотекалык насыя берген. Бул тууралуу пресс-конференцияда МИК башчысы Элмира Абжапарова билдирди.
Анын айтымында, жеңилдетилген насыяны 600 үй-бүлө алышкан. Жалпысынан 5 млрд сомго, 4.5 миң насыя берилген.
«Ипотекалык насыя алгандардын 30 % - мам.кызматкерлер, 30% - билим берүү тармагында иштегендер, 14% - саламаттыкты сактоо жаатындагылар, 14% - жапа чеккендер, 2%- маданият тармагындагылар, 2% - социалдык өнүктүрүү жаатында эмгектенген, 1 % - жеке тармакта эмгектенген жарандар алышты», – деп билдирди.
МИК 8 млрд сомго каржылоого муктаж. Ипотека алуу учүн кезекке тургандардын саны 4 миңге чукул.