2019-жылы 937 декларант-аткаминер жоопкерчиликке тартылган

19.12.2019, 12:00 Акчабар
2019-жылы 937 декларант-аткаминер жоопкерчиликке тартылган

Алдын-ала берилген маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 14 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин  киреше тууралуу декларацияларында мыйзам бузуулар табылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн кезектеги укук коргоо, салык жана башка органдардын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Гүлнара Акимбаева билдирди.

Анын айтымында, 1579 декларация көрсөтүлгөн убагынан кечиктирилип тапшырылган, 5106 декларация такыр тапшырылган эмес, 7689 декларациядагы маалымат чындыкка дал келбейт деп табылган. Белгилей кетсек, 2018-жылы 7500 кызматкердин иши  прокуратурага өткөрүлүп берилген.

«Мыйзам бузгандардын саны өсүп жатат. Декларацияны убагында тапшырбаган жана толук эмес маалымат бергендер боюнча прокуратура тарабынан 800 акт түзүлгөн», - деп айтты.  

Түзүлгөн актын үстүнөн 937 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.

 

Тэги: делкарация Генпрокуратура ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу