2018-2019 - жылы Европанын үч футболдук клубу 2.3 млрд € (2.5 млрд $) киреше тапкан. Бул Кыргызстандын жалпы кирешесинен 500 млн $ көп болуп эсептелинет. Deloitte рейтингинде биринчи орунду испаниялык «Барселона» клубу 840 млн € кирешеси менен ээледи. Бул тууралуу sports.ru порталы билдирет.
Топ-3 дагы бир испаниялык «Реал Мадрид» клубу - 757 млн € жана англиялык «Манчестер Юнайтед» клубу 711 млн € кирешеси менен кирди.
Каржы адистердин айтымында, Европанын 20 футбол клубу өткөн сезондо 9.3 млрд € киреше тапкан. Бул 2017 -2018 - жылга салыштырмалуу 1 млрд € көп болгон.