Кыргызстанда 2019-жылы 10 миң 890 POS-терминал орнотулган. Анын ичинен 8 миң 773 POS-терминал соода жайларында жана 2 миң 117 - коммерциялык банктардын филиалдарында жайгашкан. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банк билдирди.
Улуттук банк маалыматына ылайык, 2019-жылдын жыйынтыгы менен коммерциялык банктарда 239 банкомат, 2.7 миң POS-терминал, 337 төлөө терминалдары киргизилген.
Андан сырткары, 1.6 миң банкомат коюлуп, 1.8 миң төлөм жүргүзүү банкоматтары иштей баштаган.