Кыргызстанда 2019-жылдын январь-декабрь айларында 1 млн 627 миң тонна сүт өндүрүлгөн. 2018-жылга салыштырмалуу 2.4% көп болгон. Сүт өндүрүүнүн көлөмү республика боюнча жогорулаган. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги маалымдады.
Республика боюнча 561 миң даан жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5.3% көп болгон.
Чүй облусунан сырткары, республиканын бардык аймактарында өндүрүлгөн жумуртканын көлөмү өсүп жаткандыгы байкалат. Чүй облусунда өткөн жылга салыштырмалуу жумуртканын өндүрүшү 3.1% азайган.