2020-жылы Маданият министрлиги санариптүү долбоорлор үстүндө иш алып барат

03.02.2020, 13:52 Акчабар
2020-жылы Маданият министрлиги санариптүү долбоорлор үстүндө иш алып барат

31-январда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Отурумда өлкөнүн министрликке караштуу маданият мекемелеринин жетекчилери катышты. 2020-жылы санариптештирүүнүн алкагында министрлик «Санариптүү музей», «Санариптүү театр» жана «Санариптүү китепкана» долбоорлорунун үстүндө иш алып барат. Ошондой эле 2020-жылы бир катар эл аралык иш-чаралар күтүлүүдө, алардын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылы, IV- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Апрель революциясынын 10 жылдыгы жана Улуу Ата-мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы бар.

Андан сырткары, 2020-жылы өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө басым жасалат, тагыраак айтканда, китепканалардын ишинин форматтарын өзгөртүү, Маданият үйлөрү жана музейлерди активдештирүү.

«Маданият тармагындагы мамлекеттик саясатынын негизги максаты Кыргызстандын бай маданий мурасын сактоо болуп эсептелет. Аталган саясаттын башкы позитивдүү жыйынтыгы катары Кыргыз Республикасынын шаарларында гана эмес, региондорунда дагы чогултулган маданий потенциалын сактоо болуп эсептелет. Биз бул ишти үзгүлтүксүз улантуубуз керек»,-деп белгиледи министр Азамат Жаманкулов. Ошондой эле министр айылдык маданият жана искусство мекемелерин жабдуулоону, чыгармачыл жамааттары үчүн республикада жана чет жерлерде гастролдорун, эл аралык фестивалдарды жана сынактарды уюштурууну, айылдык китепканаларынын жана музейлеринин фонддорун толтурууну, калкка маалыматтык тейлөө көрсөтүүнү баса белгиледи.

Тэги: Минкультуры планы 2020 год

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу