2020-жылы Казакстанда 14 жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу Kapital.kz порталы кабарлады.
Премьер-министрдин орун басары Роман Скляр президент Касым-Жоомарт Токаевге Казакстан үстүндөгү «ачык асман» режимин ачуу боюнча жасалган иштер тууралуу маалымат тапшырды.
2020-жылы Катар, Польша, Оман, Беларус, Малайзия, Румыния, БАЭ, Кувейттин белгилүү авиакомпаниялары менен аба каттамдарын ачуу күтүлүүдө. Ошондой эле Швейцария, Түштүк Корея, Сингапур, Латвия жана Литванын авиациялык бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.