Кыргызстандын эл аралык дүң запасы 2020-жылдын декабрь айында 2 млрд 808.11 млн долларга, мурунку айга салыштырмалуу 0.3% аз көлөмгө бааланды. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылат.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу, декабрда өлкөнүн дүң запасы 15.47% же 376.23 млн долларга жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылы өлкөнүн дүң запасы январдан августка чейин 3 млрд 71.1 млн долларды түзүп, рекорддук көрсөткүчтү койду.