Министрлер кабинети Кыргызстандын 2020 – жылдагы бюджет мыйзам долбоорун бекитти. Каржы министрлигинин эсеби боюнча киреше 163 млрд 710 млн. сомду, чыгаша – 173 млрд. 663 млн. сомду түзөт. Бюджеттин тартыштыгы 9 млрд. 953 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Андан сырткары, мыйзам долбоорунда 2021-2022 – жылга карата бюджеттин кирешеси жана чыгашасы белгиленген:
- 2021 – жылга карата киреше – 164 млрд. 916 млн. сом, 2022 – жылы 169 млрд. 243 млн. сом;
- 2021– жылдагы чыгаша – 173.5 млрд. сом, 2022 – жылы – 175 млрд. сомду түзөт;
- 2021 – жылга бюджеттин тартыштыгы – 8.6 млрд. сомду, 2022 – жылы – 5.7 млрд. сомду түзөт.