Мурунку төрага Мамытов кирешесинен дээрлик үч эсе көп жумшаган

02.01.2023, 14:03 Акчабар
Мурунку төрага Мамытов кирешесинен дээрлик үч эсе көп жумшаган

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган учурда (2021-жылы) Талант Мамытовдун чыгашасы 2 миллион 400 миң сомго жетсе, кирешеси 816 миң 416,48 сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтында жарыяланган саясатчылардын жана мамлекеттик кызматкерлердин декларациясында белгиленет. 

Документке ылайык, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ЖКнын мурдагы төрагасы Талант Мамытовго жана анын жакын туугандарына кыймылсыз мүлк катталган эмес.

Мамытовго катталган кыймылдуу мүлктөрдүн ичинен ири мүйүздүү жана майда мал, ошондой эле жалпы баасы 2 миллион 400 миң сомдук жылкылар бар экендиги көрсөтүлгөн.

Декларацияда мурунку төраганын жакын туугандары баасы көрсөтүлбөгөн Kia K5 унаасына ээлик кылары жазылган. 
 
 
 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика декларация о доходах Жогорку Кенеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу