Былтыр Кыргызстанга Казакстандан келүүчү бензиндин көлөмү 10 эсеге кыскарган

22.02.2022, 11:49 Акчабар
Былтыр Кыргызстанга Казакстандан келүүчү бензиндин көлөмү 10 эсеге кыскарган

2021-жылы Кыргызстанга 348 млн 779,6 миң долларга 853 млн 281,4 миң литр бензин импорттолгон. Өлкөгө  күйүүчү майды Беларусь, Казакстан, Россия жана Түркмөнстан өлкөлөрү жеткирген.

Негизги экспорттоочу Россия болгон. Россия Кыргызстанга келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 96,9%ын жөнөткөн. 2020-жылга карата күйүүчү майдын көлөмү 1,45 эсеге өскөн.

Ошол эле учурда Казакстандан Кыргызстанга бензин ташып келүү дээрлик 10 эсеге кыскарган. Алсак, эгерде 2020-жылы Казакстан 161 млн 967,2 миң литр жөнөткөн болсо, 2021-жылы 16 млн 322,3 миң литр гана келген.

Белгилесей кетсек, 2021-жылы бензиндин импорту 2020-жылга карата 1,2 эсеге, ал эми наркы эки эседен ашык көбөйгөн. Башкача айтканда орто эсеп менен импорттолуучу бензиндин бир литри 2020-жылы 0,23 доллар болгон болсо, ал эми 2021-жылы 0,40 долларды түзгөн.

 

Тэги: бензин импорт Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу