Өткөн жылы Кыргызстандын бюджетине кошумча нарк салыгы боюнча 2 млрд 246 млн сом түшпөй калган. Бюджет боюнча маалыматта 65,9 млрд сом планы менен бекитилгени көрсөтүлсө, алдын ала маалыматтар боюнча иш жүзүндө 63,6 млрд сом түшкөн.
КНС боюнча пландын аткарылбай калышы Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн жана үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө да таасирин тийгизген. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон товарлардан кыйыр салык алуу планы 567,7 млн сомго ашыкча аткарылган. Алсак, 2021-жылы Кыргызстан биримдикке мүчө өлкөлөрдөн келген товарлардан 24,2 млрд сом КНС чогулткан.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылы өлкө 71 млрд 31,3 млн сомго КНС түрүндө алууну пландоодо. Өсүштү ата мекендик өндүрүүчүлөр жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарларды жеткирүүчүлөр камсыз кылышы керек.