2021-жылы патент менен иштегендер бюджети 2,6 млрд сомго толукташты

31.01.2022, 09:46 Акчабар
2021-жылы патент менен иштегендер бюджети 2,6 млрд сомго толукташты

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке патенттин негизиндеги ишмердүүлүктөн салык түрүндө 2 млрд 646 млн 358,8 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Ошону менен бирге ыктыярдуу патенттерге 88,3% же 2 млрд 336 млн 305,3 миң сом туура келген. Ал эми милдеттүү патент боюнча иш-чараларга болгону 310 млн 53,6 миң сом.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жаңы Салык кодекси күчүнө кирип, ага ылайык милдеттүү патент боюнча иш толугу менен жоюлган. Аны менен бирге эле мурда милдеттүү патенттин негизинде иштегендер жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасына өтүшү керек.

Тэги: патенты деньги бюджет Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу