Өткөн жылы кыргызстандык ишканалар жана уюмдар айлана-чөйрөнү коргоого 1 миллиард 556,7 миллион сом инвестиция салышкан. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитети билдирди.
Ага ылайык, 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы бул тармакка салынган инвестициянын көлөмү өскөн. Айлана-чөйрөнү коргоого 2020-жылы 1 миллиард 263,8 миллион сом гана бөлүнгөн. Бирок, 2021-жылындагы инвестициялардын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу үч эсе кыскарып, айлана-чөйрөнү коргоого 5 миллиард 469 миллион сом бөлүнгөн.
Белгилеп кетсек, бул каржылар атмосфералык абаны жана климатты коргоого, саркынды сууларды тазалоого, ошондой эле жерди коргоого жана сарамжалдуу пайдаланууга жумшалат.