Былтыр ишканалар саркынды сууларды тазалоого 0,5 млрд сом жумшады

21.11.2022, 14:00 Акчабар
Былтыр ишканалар саркынды сууларды тазалоого 0,5 млрд сом жумшады

Былтыр өлкөдөгү ишканалар жана уюмдар саркынды сууларды тазалоого 495,9 млн сом чыгымдаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жакында жарык көргөн “Кыргызстандагы экология» аттуу жыйнагында айтылат. 

Мекеменин маалыматы боюнча, мурунку 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылдагы чыгашалар 51,4 миллион сомго же 11,56%га өскөн.

Саркынды сууларды тазалоого эң көп Ысык-Көл облусунун ишканалары 225,5 млн сом жумшаган. Экинчи орунда Бишкектин ишканалары жана уюмдары 193,1 миллион сом сарптаган. Андан кийин Чүй облусунда 48 миллион сом, Нарында 11,5 миллион сом, Жалал-Абадда 8,4 миллион сом, Баткенде 6 миллион сом жана Ошто 3,4 миллион сом жумшашкан. 

Ал эми, 2021-жылы Таластагы ишканалар саркынды сууларды тазалоого акча чыгымдаган эмес. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика экология

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу