Өткөн жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооперативдик товарларды жеткирүүнүн өсүү темпи 38%дан ашты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктен билдиришти.
Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен болгон сооданын алкагында өсүш 37%ды түздү.
Мындай оң өсүү динамикасына дүйнөлүк суроо-талаптын калыбына келиши жана чийки затка болгон баанын өсүшү таасир эткен.
“ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден үчүнчү өлкөлөргө эң көп металлургия (43,7%), химия өнөр жайы (22,2%), жыгач иштетүү (9,2%) жана кагаз буюмдары (3,3%) экспорттолот”,- деп айтылат ЕЭКтин маалыматында.