Былтыр “Кепилдик фонду” ААК рекорддук сумма - 1 миллиард 857 миллион сомго 1,42 кепилдик берген. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында “Кепилдик фондунун” жетекчиси Малик-Айдар Абакиров билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 106%ды түздү.
Ошол эле учурда банктар 5 миллиард 119 миллион сомго насыя беришкен.
“Өткөн жылдагы ишмердиктин жыйынтыгын эске алуу менен, Кепилдик фонду өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери дээрлик 3 миң 500 ишкерге кепилдик колдоо көрсөтүп, 5,3 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берди. Бул дээрлик 18 млрд сом суммадагы насыяларды берүүгө мүмкүндүк берди” - деди Кепилдик фондунун жетекчиси.