2022-жылга карата Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 1,7 эсе төмөндөшү күтүлүүдө. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык отчетунда жазылды.
Банктын аналитиктеринин айтымында, 2021-жылы кырдаалды жөнгө салуунун базалык сценарийи боюнча, Кыргызстанда инфляциянын деңгээли кыйла жогорку деңгээлде - 7,3% бойдон калат. Бирок, 2022-жылы жылдык маани 4,1% дан ашпайт. Ошентип, көрсөткүч учурдагы жылга салыштырмалуу 1,7 эсе жана 2020-жылга салыштырмалуу 2,3 эсе төмөн болот.
2022-жылы инфляциянын деңгээли Беларуссияга (5,2%) жана Казакстанга (5%) караганда төмөн, бирок Арменияга (3%) жана Орусияга (3,7%) караганда жогору болот деп болжолдонууда.