Былтыркы жылы республикалык бюджеттен үстөксүз насыяларды берүүгө 1 миллиард 756 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Бул каражатты Каржы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга бөлүп бергени айтылат.
"Ишкерлерге 1 миллион сомдон 3 миллион сомго чейин пайызсыз насыялар берилип жатат. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алышты", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчаласак, бул долбоордун алкагында 2023-жылы чакан жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом бөлүнөрү күтүлүүдө.