Кыргызстан 2022-жылы дивиденд түрүндө 1,8 млрд сом алуусу күтүлүүдө

15.12.2021, 09:07 Акчабар
Кыргызстан 2022-жылы дивиденд түрүндө 1,8 млрд сом алуусу күтүлүүдө

Кыргызстан 2022-жылы акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер түрүндө 1,8 млрд сом алууну пландаштырууда. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирди. 

Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 50 млнго көп. Мындан тышкары, жыл сайын мамлекеттик акциялардын кирешеси өсөт жана 2024-жылга чейин 2 млрд сомго жетиши керек. 

Кошумчалай кетсек, бюджетке 2 млрд 176 млн 547,9 миң сом түшкөн, 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылга карата өсүш 14,28 пайыз болгонуна карабастан, дивиденддер 8,11пайызга азаят.  

Эске салсак, 2020-жылы Кыргызстан эң көп дивиденд түрүндө “Манас” аэропортунан алган, ал 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке 1 млрд сомдон ашык каражат төлөгөн.

Тэги: дивиденды госпакет акций Кыргызстан бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу