Былтыр Бишкек мэриясы жарандарга 11 млн сом айып пул салган

10.01.2023, 13:54 Акчабар
Былтыр Бишкек мэриясы жарандарга 11 млн сом айып пул салган

Былтыр 2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы 10 млн 995 миң 500 сомго 1 миң 765 протокол түзгөн. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин сайтына жарыяланды. 

Мэриянын маалыматы боюнча, айып пулдун көбү (4 млн 132 миң сом өлчөмүндө) таштандыларды орнотулбаган жайларга койгондугу үчүн берилген.  

“Көчөттөрдү зыянга учураткандыгы жана жерди уруксатсыз казгандыктары үчүн жалпы суммасы 990 миң 500 сомду түзгөн 117 протокол түзүлдү. Көрсөтмөлөрдү, эскертүүлөрдү аткарбагандыгы үчүн жалпы суммасы 126 миң 500 сомду түзгөн 315 протокол түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: новости Кыргызстана мэрия Бишкека штрафы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу