Былтыркы жылы Кыргызстан импортту 72,6% көбөйттү

14.02.2023, 16:18 Акчабар
Былтыркы жылы Кыргызстан импортту 72,6% көбөйттү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 41,8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2022-жылдын январь-декабрь айларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча тышкы жана өз ара сооданын жалпы көлөмү 11 миллиард 815 миллион 772,6 миң долларды түзсө, 2021-жылы бул көрсөткүч 8 миллиард 332 миллион 371 миң долларды түзгөн.

Мында Кыргызстандан экспорт 21,5%га кыскарды: 2021-жылдагы 2 миллиард 752 миллион 163,7 миң доллардан 2022-жылы 2 миллиард 186 миллион 695 миң долларга чейин.

Импорттун көлөмү 72,6%га өстү: 2021-жылдагы 5 млрд 580 млн 207,3 миң доллардан 9 млрд 629 млн 77,5 миң долларга чейин.

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики экономика импорт Нацстатком статистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу