Өткөн жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 19,9%га өстү

19.01.2023, 14:37 Акчабар
Өткөн жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 19,9%га өстү

Былтыркы жылдын январь-декабрында өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмү акчалай алганда 425 миллиард 945 миллион 936,6 миң сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 19,9%га көп болду. "Акчабар" мындай эсептөөлөрдү Улуттук статистикалык комитеттин материалдарына таянып жасады.

Мында өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4%га өстү.

Физикалык көлөмдүн индексинин эң чоң өсүшү компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүүдө (+175,7%), ошондой эле автоунааларды өндүрүүдө (+102,1%) белгиленди.

Белгилеп кетсек, статистикага ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 355 миллиард 175 миллион 558,9 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.

Тэги: новости Кыргызстана экономика промышленность Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу