Соцфонд 2022-жылы пенсияны каржылоого дээрлик 59 млрд сом жумшаган

13.01.2023, 12:13 Акчабар
Соцфонд 2022-жылы пенсияны каржылоого дээрлик 59 млрд сом жумшаган

Социалдык фонд тарабынан 2022-жылдын январь-декабрь айларында пенсияга 58 млрд 833,3 млн сом багытталган. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Алсак:

  • Бишкек шаары — 9 млрд 472,9 млн сом
  • Чүй облусу — 8 млрд 871,1 млн сом
  • Нарын облусу — 4 млрд 677,2 млн сом
  • Ысык-Көл облусу — 5 млрд 346,0 млн сом
  • Талас облусу — 2 млрд 443,4 млн сом
  • Ош шаары — 2 млрд 100,4 млн сом
  • Ош облусу — 10 млрд 788,8 млн сом
  • Баткен облусу — 4 млрд 996,0 млн сом
  • Жалал-Абад облусу — 10 млрд 137,6 млн сом.

Соцфонддон кошумчалашкандай, пенсиялардын каржылануусу 2022-жылдын декабрында 6 млрд 238,1 млн сомду түздү.

Тэги: новости Кыргызстана пенсии кр размер пенсий

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу