Быйыл мейманкана жана ресторан кызматтары 20% өстү

11.10.2022, 11:26 Акчабар
Быйыл мейманкана жана ресторан кызматтары 20% өстү

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүү тармагында дүң продуктунун өсүшү 20,1% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Тогуз айда мейманканалар жана ресторандар 6,9 миллиард сомдук кызмат көрсөтүшкөн. Бул өлкөнүн жалпы ИДПсынын 1,1% түзөт.

Ошондой эле транспорт жана товарларды сактоо чөйрөсүндө 12,4%, соода жана автоунааларды оңдоо 5,7%, маалымат жана байланыш тармагында 5,1% өсүш бар. Жалпысынан 2022-жылдын январь-сентябрь айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ИДПнын өсүшү 4%ды түздү.

Быйыл тогуз айда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,2% түздү.

Тэги: новости Кыргызстана ВВП рестораны и гостиницы сфера услуг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу