Быйыл өлкөдө кыргыз-сауд бизнес форуму өтөт

12.05.2022, 13:43 Акчабар
Быйыл өлкөдө кыргыз-сауд бизнес форуму өтөт

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын инвестиция министринин орун басары Мохаммед Аль-Хассна менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Тиешелүү ведомстволордун ортосунда өз ара сапарларды уюштурууга, саудиялык компаниялардын Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорго катышуусуна, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууга басым жасоо сунушталды.

Тараптар ушул жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өтө турган кыргыз-сауд бизнес форумуна өзгөчө көңүл бурушту.

Тэги: Кыргызстан Саудовская Аравия бизнес-форум деловое сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу