Былтыр Кыргызстандын ИДПсы 1 трлн сомго жакындады

24.03.2023, 09:51 Акчабар
Былтыр Кыргызстандын ИДПсы 1 трлн сомго жакындады

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү. Муну менен 1 трлн сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусунун төмөндөшүн (Дүйнөлүк банк – 5,0%га, Эл аралык валюта фонду – 0,9%га басаңдашын) болжолдоп келишкен.

"Быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан. Анда 2023-жылы 3,2%дан 3,5%га жана 2024-жылы 3,8%га чейин болот. Ошондой эле Дүйнөлүк банк ата мекендик экономикага карата болжолун жакшыртты (2023-жылга өсүү мурдагы 3,4%дын ордуна 3,5% деңгээлинде болжолдонууда, 2024-жылга өсүү 4% деңгээлинде болжолдонууда", - деди Жапаров.

Кошумчаласак, 2023-жылга экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө.
 

Тэги: новости Кыргызстана Акылбек Жапаров рост впп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу