Былтыр товарларды маркалоого 297 млн код берилген

01.02.2023, 16:18 Акчабар
Былтыр товарларды маркалоого 297 млн код берилген

Былтыркы жылы "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоонун 297,4 млн коду берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен тамеки продукциясы үчүн 261,4 млн код, алкоголдук продукция үчүн 35,9 млн код, текстиль продукциясы үчүн 103,3 миң код берилген.

70тен ашык товар өндүрүүчү жана импорттоочу "Товарларды маркалоо" системасында катталып, маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукциясына, 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясына милдеттүү маркалоо киргизилген.

Тэги: экономика коды маркировки новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу