Республикалык бюджетке 2 миллиард 51,8 миллион сом акциздик салык түштү. Бул тууралуу Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылга карата акциздик салык боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу 1 миллиард 140 миллион 938 миң сом деп белгиленгени такталды.
"Алкоголь тармагына акциз салыгынын көрсөтүлгөн суммасын алуу айрым алкоголдук ишканалардын алкоголдук рыногунда мыйзамсыз үстөмдүк кылуучу абалды четтетүүнүн алкагында мүмкүн болду", - деп белгилейт Мамлекеттик алкоголдук агенттиги.
Ошондой эле, мекеменин маалыматы боюнча, алкоголдук ичимдиктерди чыгарган бардык өндүрүүчүлөр үчүн бирдей рыноктук шарттар түзүлгөн.