Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылы жалпы суммасы 2,9 млрд сомго 1 миң 366 ипотекалык насыя берген. Бул тууралуу Мамлекеттик өнөр жай комитетинин коллегиясынын орун басары Амантур Өмүров билдирди.
Ал белгилегендей, бул “Менин үйүм 2021-2026” программасынын ийгилигинин бир гана бөлүгү, анын алкагында жалпы суммасы 9,1 млрд сомго 3 миң 902 насыя берилген.
Белгилеп кетсек, насыянын орточо суммасы 3 млн сомду түзүп, үстөк пайызы 4% бойдон калып, насыя алуучуларга 25 жылга чейин төлөө мөөнөтүн берип жатат.
Турак жай курулушун өнүктүрүүгө KFW тарабынан “Кыргызстандагы турак-жайды каржылоо” программасынын алкагында аймактарда жалпы суммасы 1 млрд 350 млн сомдон ашык берилген 670 ипотекалык насыя өзгөчө салым кошту.
Ошондой эле, компаниянын уставдык капиталы 2022-жылга салыштырмалуу 5,2 млрд сомго көбөйүп, 15,5 млрд сомду түзгөнү айтылат.