2023-жылы рейддердин жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 138 миң 652 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мамлекеттик бюджетке 3 млрд 741 млн сомдон ашык түшкөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 84%га көп.
“2023-жылдын 1-январынан тартып пиво продукциясына акциздик марканы киргизүүгө байланыштуу акциздик салыктын түшүүлөрү 1 млрд 64 млн сомдон ашык көбөйдү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 114%га жогору”, - деп белгилейт мекеме.
Эскерте кетсек, акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны жүгүртүү үчүн 65 миң сом айып пул, ал эми 500 бирдиктен ашык жүгүртүү үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.