Быйыл Кыргызстанга Кытай эң көп инвестиция салды

28.12.2023, 11:13 Акчабар
Быйыл Кыргызстанга Кытай эң көп инвестиция салды

Ушул жылдын январынан сентябрына чейин өлкөгө түз чет элдик инвестициянын көлөмү 654,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев билдирди.

Өткөн жылга салыштырмалуу талдоо жогорку инвестициялык түшүүлөрдүн өзгөргөнүн аныктады.

2022-жылы Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча лидерлер Түркия (341,6 миллион доллар), Кытай (326 миллион доллар) жана Орусия (145 миллион доллар) болгон. Бирок, быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасына 157,8 миллион доллар инвестиция салган Кытай биринчи орунду ээлесе, андан кийин 131.7 млн доллар менен Орусия жана 54.9 млн доллар Казакстан турат.

Чет элдик инвестицияларды тартуучу негизги тармактарга тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, соода жана байланыш тармактары кирет.

Тэги: новости Кыргызстана Нацагентсво по инвестициям

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу