2023-жылы акциздик салыктын 1,5 млрд сомго көбөйүшү күтүлүүдө

28.09.2022, 09:48 Акчабар
2023-жылы акциздик салыктын 1,5 млрд сомго көбөйүшү күтүлүүдө

Кийинки жылы Кыргызстан бюджеттин киреше бөлүгүн акциздик салык түрүндө 20 миллиард 794,3 миллион сом көлөмүндө күтүүдө. Бул тууралуу 2023-жылга республикалык бюджеттин жана 2024-2025-жылдарга болжолунун долбоорунда айтылат.

Сумма 2022-жылга салыштырмалуу 1 миллиард 582,6 миллион сомго көп.

"Орто мөөнөттүү келечекте акциздик салыктын жалпы көлөмү 2024-жылы 23 миллиард 755 миллион сом, 2025-жылы 24 миллиард 938,4 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда", — деп айтылат Финансы министрлигинин түшүндүрмөсүндө.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатылган товарларга акциз салыгынын суммасы 2023-жылга 1 млрд 789,3 млн сомду, 2024-жылга 1 млрд 848,9 млн сомду жана 2025-жылга 1 млрд 925,5 млн сомду түзөт. ИДПга карата салыктын үлүшү 2023-2025-жылдары 0,2% түзөт.

Ошентип, бюджеттин негизги кирешеси ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден республиканын аймагына импорттолуучу товарларга акциз салыгы болот. Ал 2023-жылга 18 миллиард 290,9 миллион сом, кийинки эки жылга тиешелүүлүгүнө жараша 21 миллиард 140,6 миллион сом жана 22 миллиард 194,6 миллион сом өлчөмүндө аныкталган. 2023–2025-жылдарга салыктын ИДПдагы үлүшү 2–2,1% түзөт.

“Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга акциз салыгынын болжолу 2023-жылга 714,1 миллион сом, 2024-2025-жылдарга тиешелүүлүгүнө жараша 765,5 миллион сом жана 818,3 миллион сом өлчөмүндө аныкталды”, - деп белгилейт тиешелүү министрлик.

Тэги: акцизный налог новости Кыргызстана бюджет деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу