Ушул жылдын беш айында кыргызстандыктар 94,9 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөштү. Каржы министрлиги тарабынан белгиленген план 1,6 миллиард сомго ашык аткарылган.
Өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу бул сумма 15.3 миллиард сомго көп.
Мамлекеттик салык кызматы салыктык түшүүлөрдүн өсүшүн салыктык башкарууну жакшыртуу жана бизнестин көмүскөдөн чыгуусу менен байланыштырат.