Күрөөканалар уставдык капиталын эки млн сомго чейин көбөйтүшү керек

16.01.2023, 11:41 Акчабар
Күрөөканалар уставдык капиталын эки млн сомго чейин көбөйтүшү керек

Быйылкы жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы күрөөканалар уставдык капиталынын көлөмүн 2 миллион сомго чейин көтөрүшү керек. Бул талапты Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди. 

Эске салсак, күрөөканалар 2022-жылдын 1-июлуна карата уставдык капиталдын көлөмүн 1 миллион сомго, кийинки этапта 2 миллион сомго чейин көтөрүшү керек болчу.

Белгилеп кетсек, 2022-жылдын 30-декабрына карата Кыргызстанда 414 ломбард иштеп келген. Алардын 47%ы гана уставдык капиталды 1 млн сомго чейин көтөрүү талабын аткарган.

 

Тэги: новости Кыргызстана Финнадзор ломбарды уставный капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу