Бюджеттин жарымы мамлекеттик программаларга жана төлөмдөргө багытталат

27.12.2022, 11:17 Акчабар
Бюджеттин жарымы мамлекеттик программаларга жана төлөмдөргө багытталат

Келе жаткан жылы Каржы министрлигине мамлекеттик программаларды, иш-чараларды жана төлөмдөрдү ишке ашырууга 183 миллиард 809 миллион 454,2 миң сом бөлүнөт, бул мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин дээрлик жарымын түзөт. Мындай маалыматтар “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорунда келтирилген.

Документте белгиленгендей, 2023-жылга мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 352 миллиард 323 миллион сом суммасында же ИДПнын 38% деңгээлинде болжолдонууда. 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешелери номиналдык мааниде 47 миллиард 136,3 миллион сомго көбөйөт.

Белгилеп кетсек, 2022-жылы мамлекеттик программаларды, иш-чараларды жана төлөмдөрдү ишке ашырууга кеткен чыгашалар 155 миллиард 566 миллион 322,8 миң сомду түзүп, келерки жылга пландаштырылган чыгымдардан 18% азайган.

Тэги: новости Кыргызстана экономика бюджет расходы бюджета

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу