Быйылкы жылы ирригациялык объектилерди куруу жана реконструкциялоо 700 миллион сомго толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Капиталдык салымдар беренеси боюнча каралган бул каржылоо пландалган каражаттардын 100%ын түзүп, толугу менен өздөштүрүлдү.
Каржылоо суу ресурстарына жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана айыл чарба тармагында сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.