2023-жылы маданият тармагына 7 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маданият тармагынын 2023-жылдагы жетишкендиктерине арналган отчеттук концертте билдирди.
Анын айтымында, костюмдарды жаңылоого, жаңы музыкалык аспаптарды сатып алууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого президенттик фонддон да, республикалык бюджеттен да каражат бөлүнүүдө.
2023-жылы бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча 725 млн сом бөлүнгөн.
“Маданият имараттары, китепканалар, кинотеатрлар, стадиондор оңдолуп, циркте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. 5-6 жылдын ичинде кыргыз маданиятынын экинчи ренессансына шарт түзөбүз. Биз мындан ары да таланттуу артисттерди колдоо жана маданият тармагындагы инфраструктураны өнүктүрүү багытында иш алып барабыз”,-деди Акылбек Жапаров.